Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев белгилүү дин аалымы, Сүлүктүлүк молдо Зулкарнайнды зыярат кылды

Бүгүн, 10-октябрь күнү Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев белгилүү дин аалымы, Сүлүктүлүк молдо Зулкарнайнды зыярат кылды.

Азирети Муфтий молдо Зулкарнайндын Ислам дининин баалуулуктарын элге туура жетүүдө эмгеги чоң экендигин баса белгилеп, ага бекем ден соолук тиледи.

«Аалымдарыбыздын эмгектери баа жеткис. Элди ыйманга, кайрымдуу болууга, сабырдуулукка, ынтымакка, тынчтыкка чакырган мына ушул инсандар. Ар бир кишинин жүрөгүнө ыйман ыроолосун деп, Жараткандан ар бир намазда дуба кылган мына ушул аалымдар. Андыктан мамлекетибиздин өнүгүүсүндө аалымдардан орду чоң»,-деди Азирети Муфтий.  

Белгилүү дин аалымы молдо Зулкарнайн учурда ден соолугуна байланыштуу Бишкек шаарындагы уулунун үйүнө келген. Учурда ал дарыланып, ден соолугуна кам көрүүдө.