Азирети Муфтий өлкөнүн тынчтыгы, элибиздин амандыгы үчүн 12-октябрдан тарта бардык дин кызматкерлерине Куран хатым баштоону милдеттендирди

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев өлкө аймагындагы бардык дин кызматкерлерине мамлекетибиздин туруктуулугу, элибиздин ынтымагы, өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн Куран хатым окууну баштоону тапшырды.

«Урматтуу дин кызматкерлери! Республика боюнча (COVID-19) коронавирус оорусунун көрсөткүчү кайрадан жогорулай баштагандыгын республикалык штаб маалымдап жатат. Андыктан өлкөбүздүн келечегин, элибиздин амандыгын тилеп дуба кылуу максатында Куран хатым баштоону милдеттендирем. Жараткандын улуу сөзү болгон Курани каримдин дубасы аркылуу Алла Таалага кайрылып, мындай оорулардын кайрадан кайталанып, элибизге өзүнүн залакасын тийгизбөөсүн жалбарып сурайлы!»,-деди Азирети Муфтий.

Ал эми ар бир окулган Куран хатымды эсепке алууну Азирети Муфтий КМДБнын Аппарат жетекчиси Равшан ажы Эратовго тапшырып, дин кызматкерлерин бул иште кайдыгер болбоого чакырды.

Муну менен катар Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев өлкөдөгү бардык Куран окууну билген жарандарды Куран хатым окууга чакырды.