Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев өлкө аймагындагы имамдарга мечиттердин жылуулугун камсыздоону тапшырды

Бүгүн, 12-октябрда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев КМДБнын бөлүм башчыларынын катышуусунда жыйын өткөрдү.

Күн тартибинде өлкөнүн бардык мечиттеринде кышка карата даярдык иштерин азыртан баштоонун зарылчылыгын белгилеп, тиешелүү тапшырманы аткарууну КМДБнын Аппарат жетекчиси Равшан ажы Эратовго жүктөлдү. Кышка даярдык көрүү иштеринде ар бир мечиттин имамы жарандарга ыңгайлуу шарт түзүп, жылуулук менен камсыздап, суукка даяр болушу шарт.

Муну менен катар облус казыларына райондун баш имам хатибтери, аймактагы имамдар менен тыгыз иш алып барууну күчөтүү керектигин айтып, эл арасында, жаштарга терс диний агымдардын алдын алуу, жалпы журтту ынтымакка чакыруу керектигин билдирди.