Муфтият коомчулук менен тыгыз байланышты күчөтүү максатында darulifta.kg сайтын иштеп чыкты

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы элибизге шарияттын туура жетүүсү жана суроолорго жооп берип, калк менен тыгыз байланышты күчөтүү максатында darulifta.kg сайтын иштеп чыкты.

darulifta.kg сайтында агартуучулук, тарбиялык жана билимди жогорулатуу  максатындагы маалыматтар камтылган. Эми жарандарыбыз  darulifta.kg  сайты аркылуу суроо узатып,  квалификациялуу адистердин кеңештерин алышса болот. .

«КМДБнын фатва бөлүмүнүн адистери жеке жана маанилүү маселелер боюнча  кеңеш берүүгө даяр. Бардык жооптор Ханафи мазхабынын негизинде, Курани карим жана хадистер менен далилденет. Жооптор жеткиликтүү тилде берилет»,-деди КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Рафаил ажы Татиков.

Сайттын максаты:

  1. Ислам дини боюнча ишенимдүү маалыматтарды жана фатваларды берүү  
  2. Шарият маселелери боюнча бардык каалоочуларга сапаттуу жооп берүү