Ош шаарында жалпы дин кызматкерлерине жыйын болуп, бир катар тапшырмалар берилди

Бүгүн, 12-октябрь күнү  Ош шаарындагы Борбордук «Имам аль-Бухарий Алай» мечитинде шаардын жалпы имамдарынын жана медресе мүдүрлөрүнүн катышуусунда кезектеги жыйын болуп, төмөндөгү маселелер каралды:

  1. Дин кызматкерлеринин жоопкерчилиги
  2. Улуттар аралык ынтымакты бекемдөө
  3. Талак маселеси боюнча жооп берүүдө этияттык мамиле жасоо
  4. Мамлекетибиздин тынчтыгы үчүн Куран хатмы окуу

Жогоруда каралган маселелердин аткарылышын көзөмөлдөө иши баш имам хатибдер жана казынын орун басарына жүктөлдү.