Бүгүн, 12-октябрь күнү Ош шаарындагы Борбордук «Имам аль-Бухарий Алай» мечитинде шаардын жалпы имамдарынын жана медресе мүдүрлөрүнүн катышуусунда кезектеги жыйын болуп, төмөндөгү маселелер каралды:
- Дин кызматкерлеринин жоопкерчилиги
- Улуттар аралык ынтымакты бекемдөө
- Талак маселеси боюнча жооп берүүдө этияттык мамиле жасоо
- Мамлекетибиздин тынчтыгы үчүн Куран хатмы окуу
Жогоруда каралган маселелердин аткарылышын көзөмөлдөө иши баш имам хатибдер жана казынын орун басарына жүктөлдү.