Кемин районунун хатибияты райондогу мечиттерди кыдырып, имамдарга бир катар тапшырмаларды берди


Чүй облусуна караштуу Кемин районунун баш имам хатиби Куттубек ажы Дүйшөбаев жетектеген хатибият кызматкерлери райондогу мечиттерди кыдырып, жергиликтүү жаамат менен жолугушууда.

Бул иш-чара хатибияттын жылдык иш мерчеминин негизинде уюштурулуп, мечиттин шарттары, имамдын иш алып баруусу, мечиттин кышка даярдыгы жана башка ушул сыяктуу маселелерди жөнгө салуу максатта уюштурулду.

Ушул күнгө чейин Орловка, Борду, Алмалуу, Кызыл-Суу, Кара-Булак, Алтымыш, Бейшеке, Жол-Булак айылдарындагы мечиттер кыдырылып, жергиликтүү жаамат менен жолугушуулар жүрүп, имамдардын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышышты.

Иш-чара алкагында имамдарга төмөнкү тапшырмалар берилди:
1) Жоопкерчиликти колго алуу
2) Мечиттин документтерин тез арада бүтүрүү
3) Мечиттерди кыш мезгилине даярдоо
4) Отчетторду толук, өз убагында тапшыруу
5) Нике каттоо журналын толук кандуу ишке киригизүү.

«Имамчылык өтө жоопкерчиликтүү иш. Имам айылга үлгү болуп, жалпы жергиликтүү жааматка кеңеш жана насаттарын айтып, эл кызматында болушу керек. Учурдан пайдаланып жалпы имамдарга ыраазычылык билдирем. Эл үчүн жасаган иштериңиздерди Жараткан Алла Таалам бул дүйнөдө да, акыретте да насип кылган болсун», — деди баш имам хатиб.