Азирети Муфтий дин аалымы Алауддин Мансурдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына көңүл айтты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев өз өмүрүн дин тармагында арнап, бир топ аалымдарга өзүнүн өрнөктүү билимин берип, Жараткан Алла Тааланын ыйык сөзү болгон Курани каримди кыргыз, өзбек тилдерине которууда  үзүрлүү эмгектенген аалымыбыз, устатыбыз Алауддин Мансурдун  дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына көңүл айтам.

Бул оор кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Аалым Алауддин Мансурдун мусулман үммөтү үчүн жасаган зор эмгеги эч кимдин эсинен кетпейт. Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Себеби, бир мусулмандын үй-бүлөсүндөгү аза, бүткүл мусулмандарды да кайгыга салат эмеспи. Сабыр кылыңыздар, анткени, “Ар бир жан өлүм даамын татат…” (Куран, Аль-Анбийа, 35) экен. “Чындыгында, биз Аллахка таандыкпыз жана Ага кайтуучубуз” (Аль-Бакара, 156).

Алла Таалам устатыбыз Алауддин Мансурдун үй-бүлөсүнө жана туугандарына күч-кубат берсин. Жаратканыбыз Өз ырайымына алып, Жаннаттын төрүнөн орун насип кылуусун Жараткан Алла Тааладан  тилеймин. Кайгыңарды тең бөлүшөбүз.

Терең кайгыруу менен көңүл айткан,

Кыргызстан мусулмандарынын  Азирети Муфтийи  Максатбек ажы Токтомушев

Дин аалымы Алауддин Мансур тууралуу

Дин аалымы Алауддин Мансур Кыргызстандагы белгилүү аалымдардан. 1952-жылдын 1-майында Кыргыз Республикасынын Ош облусунун  Кара-Суу шаарында туулган. Өз доорунун  атактуу  аалымдарынан илим алган.

Аалым Алауддин Мансур 1990-92-жылдары  биринчилерден  болуп Курани каримди маанилериин өзбек тилинде чечмеленген котормосун чоң жоопкерчилик менен жүзөгө ашырды. Анын котормосу Орто Азия жана Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы өткөргөн тандоодо эң жакшы деп табылган. Китеп 1990-1993-жылдары алгач «Шарқ юлдузи» журналында, кийин «Гафур Гулам» жана  «Чолпон» басмаканасында бир миллион нускада басылды.  2000-жылы Кара-Суу шаарында «Курани каримди үйрөнүү илимий борбору» түзүлүп, устатыбыз Алауддин Мансур Курани каримдин маанилерин алгачкы ирээт Кыргыз тилине которду.

Кийин аалымдын белгилүү өзбекче котормосу казак, түркмөн, каракалпак жана уйгур тилдерине которулуп, миңдеген нускада басылып чыкты. Устатыбыз Алауддин Мансурдун «Имам Аъзам улуу имамыбыз» аттуу чыгармасы да жарык көрүп, ал китеп кыргыз, өзбек, казак, уйгур жана орус тилдеринде басылган. Андан соң имам Аъзам мазхабындагы улуу аалымдардан болгон Алауддин Касанийдин он томдук «Бадоеус-саноеъ» китебинин «Даарат» жана «Намаз» китептерин да араб тилинен которуп, бул китептер Ош жана Ташкент шаарларында көп миңдеген нускада басылды.

Соңку учурларда устатыбыз Алауддин Мансур Курани каримди мүмкүн болушунча кененирээк тафсир кылуу менен алек болуп келген. Бүгүнкү күндө устатыбыз Алауддин Мансурдун Қуръани Азим тафсиринин 17 тому жарык көргөн.