Бишкектеги «Молдо Саид» мечити оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, кышка толугу менен даяр

Бишкек шаарынын Октябрь районундагы «Молдо Саид» мечити толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрь күнү мечиттин имам хатиби Асеин ажы Мизираимов билдирди.

Анын айтымында, жеке демөөрчүлөр тарабынан оңдоо иштери жүргүзүлүп, кышка даярдыктар көрүлдү. 

«Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин буйругу менен кышка даярдык иштери жана мечиттин оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Бул ишке салым кошкондорго Аллах Таала ыраазы болгон болсун. Буюрса мечитибиз жалпы жамаат үчүн толугу менен даяр болду»,-деди Асеин ажы. 

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Тотомушевдин республикадагы бардык мечиттерди кышка даярдоо иштерин тездетүү тапшырмасын берген эле.