Бишкек шаардык казыяты Борбордук мечиттин кызматкерлерине Куран хатым баштоону тапшырды

Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев бүгүн, 14-октябрдан тартып Бишкек казыятынын жана Борбордук мечиттин кызматкерлерине Куран хатымды үзгүлтүксүз баштоо тапшырмасын берди.

Ыйык Куран китебин башынан аягына чейин атайын маал-маалы менен окулуп, анын негизинде жалпы эли-жерибиздин тынчтыгы, амандыгы үчүн дуа кылынат. 

«Куран китеби 600 беттен турат. Ар бир кызматкерге 20 беттен бөлүнүп берилди. Көрсөтүлгөн беттерди белгиленген убакытка чейин окуп бүтүп, ар бири жыйынтык дуасын окуй берет. Ошондо 30 киши 20 беттен окуп Куранды баштан аяк бат-баттан жыйынтыктап турабыз»,- деди Замир кары. 

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев учурдагы өлкөбүздө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу жалпы дин кызматкерлерине Куранды баштан аяк окуп, жалпы эли журтубузга дуа кылууну буйруган.