Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев белгилүү дин аалымы Алауддин Мансурдун жаназасына катышты


Бүгүн, 14-октябрь күнү Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев белгилүү дин аалымы Алауддин Мансурдун жаназа намазына катышуу үчүн Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарына барды. 

Алгач Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Өзбекстан Республикасынын Азирети Муфтийи жана Ташкент шаарынын казысы менен жолугушуп, Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин, Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиевдин, Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдышүкүр ажы Нарматовдун жана Кыргызстан калкынын атынан көңүл айтуу жолдоп, бул оор кабарды терең кайгыруу менен кабыл алышкандыгын билдирди. Муну менен катар шаары казысы дин аалымынын мусулман үммөтү үчүн жасаган зор эмгеги эч кимдин эсинен кетпей турганын белгилеп, анын үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына көңүл айтты.

Дин аалымы Алауддин Мансур Кыргызстандагы белгилүү аалымдардан. 1952-жылдын 1-майында Кыргыз Республикасынын Ош облусунун  Кара-Суу шаарында туулган. Өз доорунун  атактуу аалымдарынан илим алган. Курани Каримди өзбек тилине жана башка тилдерге которуп, көптөгөн шакирттерди таптап чыгарган.