Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев имамдарга кыш камылгасын азыртан көрүү тапшырмасын берди

Бүгүн, 14-октябрда Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев, казынын орун басары Касым ажы Сыдыков Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Аппарат жетекчиси Равшан ажы Эратов тарабынан уюштурлуган 9 казынын катышуусундагы онлайн жыйынга катышты.

Анда учурдагы салынып жаткан  мечитердин абалы, документ иштерин тездетүү, мечиттерди жылуулук менен камсыздоо боюнча маселелер каралды.

“Бүгүнкү жыйында алдыдагы иштер тууралуу сүйлөшүүлөр жүрдү. Жер-жерлерде салынып жаткан жаңы мечиттердин документ иштери, сапаты тууралуу сүйлөшүлдү.  Кышкыга камылгалар кандай жүрүп жатканы тууралуу казылар өз ойлорун  айтышып, суук башталганга чейин бардык мечиттерди кышка карата даярдыкты тезинен көрүү тапшырмасы берилди”, — деди Талас облустук казысынын орун басары Касым ажы Сыдыков.