“Майрамбек – Ата ” мечитинде кышка даярдоо иштери жүрүп жатат

Талас облусуна караштуу Кара – Буура районунда жайгашкан «Үч – Булак» айылындагы “Майрамбек – Ата ” мечитинде кышка даярдык иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Кара – Буура районунун баш имам хатиби Куматаев Ислам ажы билдирди.

Анын айтымында, айылдын 20 жылдык бүтүрүүчүлөрүнүн демөөрчүлүгү менен 75000 сомго жылуу пол алынып берилди. Аны орнотууда айыл жаштары жардамга келип, бүтүрүшүүдө.

“Айылыбызга демөөрчүлүк кылып жаткан азаматтарыбыздын иштерине ийгилик каалоо менен терең ыразычылыгыбызды айтабыз. Ар дайым эл үчүн, жер үчүн кызмат кылып, кийинки муунга үлгү болуп жүрүүсүнө тилектешбиз”, — деди Кара – Буура районунун баш имам хатиби Куматаев Ислам ажы.