Ысык-Көл облусунда Үмүтбек Алтынбек уулуна Куран окутулат

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев облус казысы Алмаз Сагындыковду кабыл алды.

Жолугушуу учурунда облус аймагындагы мечиттерде 16-октябрда жума намаздан кийин, 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» борбордук аянтында каза болгон 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулуна жана жалпы көзү өтүп кеткен ата-бабаларыбыздын арбагына багыштап Куран окутууну өтүндү.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев учурдагы өлкөбүздө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу жалпы дин кызматкерлерине Куранды баштан аяк окуп, жалпы эли журтубузга дуба кылууну буйруган эле.