Бишкек шаардык казыяты Борбордук мечиттин кызматкери Джаббор Максым Маджитовдун уулу кайтыш болгондугуна байланыштуу көңүл айтат

Бишкек шаардык мусулмандар казыяты Борбордук мечиттин кызматкери Максым Джаббор Маджитовдун жалгыз уулу Нурсултан Джаббор уулунун жол кырсыгынан улам каза болгондугуна байланыштуу бардык жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Аллах Тааланын тагдырына баш ийүү, кыйынчылыкка сабырдуулук менен жооп берүүдөн башка айла жок экендигин айтып кайгысын тең бөлүшөт.

«Максым дамбыллабыздын үй-бүлөсүнө сабыр тилеп кетем. Бойго жетип турган перзенттен айрылуу чындыгында сөз менен айта албай турганчалык оор кайгы. Эч кимдин башына мындайды салбасын. Бул кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. Аллах сабыр берсин!»,- деди Бишкек шаарынын казысы Замир кары Ракиев.

Нурсултан үй бүлөдө 3 кыз жана жалгыз уул болгон.

Жаназа намазы бүгүн, 15-октябрь күнү Ала Тоо конушунда саат 15.00 гө белгиленди.

Максым Джаббор Маджитов 1996-2000-жж. Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи кызматын аткарган, көптөгөн аалымдардын устаты болгон Абдусаттар дамылланын чоң уулу. Бүгүнкү күндө Бишкектин борбордук мечитинде эмгектенип келет.

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы бул оор кабарды терең кайгыруу менен кабыл алышкандыгын билдирип, Максым ажынын үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына көңүл айтат.