Бишкек шаарындагы «Келечек» мечити мамлекеттик каттоодон өткөрүлдү

Бишкек шаарындагы «Келечек» мечити Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан каттоодон өтүп, күбөлүгүн алды. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда мечитттин имам хатиби Талгатбек ажы Эркинбек уулу билдирди.

Анын айтымында, көп жылдардан бери аракет жасалып, тиешелүү документтер толукталган.          

Бул жылы шаардагы эсептик каттоосу жок мечиттерди каттоо ишин тездетүү максатында аракеттер жасалып жаткандыгын казынын орун басары Эрназар ажы Асатов төмөнкүлөргө токтолду.

«Шаарда ар кандай себептерден улам эсептик каттоодон өтө элек бир нече мечит бар. Имамдарыбыздын аракети менен буюрса бир нече мечитибизди каттоодон өткөрөбүз деп турабыз. Бул багытта жалпы казыят кызматкерлери жана мечит имамдары колдон келген аракетин жасап жатышат. Баарынан Аллах Таала ыраазы болсун!»,-деди Эрназар ажы.