КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азирети Муфтий жана Бишкек жана Кыргызстан Епархиясынын Епископу Даниил менен жолугушту

Бүгүн, 15-октябрда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, Бишкек жана Кыргызстан Епархиясынын Епископу Даниил менен жолугушту.
Жолугушууда дин жаатындагы актуалдуу маселелер, коомдогу туруктуулукту сактоо, мамлекеттик жана конфессиялар аралык ынтымакты бекемдөө, COVID-19 илдетинен сактануу эрежелери, ошондой эле аталган тармактагы биргелешкен иштерди жүзөгө ашыруу боюнча сунуштар талкууланды.

КР ДИМКнын директору Зайырбек Эргешов: «Коронавирустун алдын алуу максатында сиздерди эрежелерди так сактоого, кайрымдуулук иштерди жүргүзүүгө чакырам.»