Лейлекте өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүүлдү

Бүгүн, 15-октябрда Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл  өкмөтүндө  короновируска каршы күрөшүү боюнча  түзүлгөн райондук штабтын чечимине ылайык, санитардык нормаларды сактоо боюнча жыйын болду.

Иш-чарага Лейлек районунун баш имамы Абдиравшан ажы Дүйшөев жана акимдин орун басары Максатай Каримбердиева, Кулунду  айыл өкмөтүнүн  башчысы Кудейберди Тажибаев райондук ички иштер бөлүмүнүн орун басары жана кадырлуу аксакалдар, аялдар, жаштар катышты.

Жыйында Лейлек районунун баш имамы Абдиравшан ажы Дүйшөев сөз сүйлөп район аймагындагы хатибият, мечит, медресе жана окуу борборлоруна жума намаздарында,  коронавирустун алдын алуу жолдорун элге түшүндүрүү боюнча тапшырмаларды берилди.

Аны менен катар бардык мечиттерди таза кармоо жана жайнамаздарды дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү мерчемделди. Ошондой эле той, маркумду акыркы сапарга узатуу жана башка маарекелерде көп адам чогултпоо эскертелди.

Жыйын соңунда катышуучулар таажы илдеттин жеңүү үчүн биргеликте жоопкерчилик менен кызматташуу керек экендиги баса белгиленди.