Мурдагы Муфтий Абдусаттар ажынын небереси жерге берилди

Бүгүн, 15-октябрда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев мурдагы Муфтий Молдо Абдусаттар Мажитовдун небереси Нурсултан Джаббор уулунун жаназасына катышты.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” конушунда өтүп, ага Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев баш болгон дин аалымдары жана Абдусаттар ажынын жакын туугандары катышты.

Азирети Муфтий өз сөзүндө бул оор кабарды терең кайгыруу менен кабыл алгандыгын билдирип, маркумдун атасы Максым ажынын үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына көңүл айтты.

Максым Джаббор Маджитов учурда Бишкек шаардык мусулмандар казыятынын Борбордук мечитинде эмгектенип келет. Нурсултан Джаббор анын жалгыз уулу эле. Жол кырсыгынан улам каза болгон.

Молдо Абдусаттар Мажитов Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи болуп 1996-2000-жж. эмгектенген эле.