КМДБнын окуу бөлүмү АВЕП комдук фонду менен биргеликте медресе мүдүрлөрү жана мугалимдери үчүн «Стади Тур» уюштурду

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу бөлүмү жана өнөктөшү АВЕП комдук фонду менен биргеликте «Медресе жаштарын кесиптик шыктарга үйрөтүү» долбоорунун алкагында медресе мүдүрлөрү жана мугалимдери үчүн «Стади Тур» уюштурду.

Иш-чара алкагында бир канча мекемелерге жана атайын кесиптик лицейге визиттер жасалып, кесиптик шыктын учурдагы орду, жаштар үчүн эмгектин зарылдыгы жана  уюштуруунун жол жоболору менен жакындан таанышып, тажрыйба алмашышты.

Иш-чарага КМДБнын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов жана долбоордун башкы менеджери Нарынбек Кыдыргычев катышты.