Медресе мүдүрлөрү Бишкектеги «Кутайба Ибн Муслим» Ислам институнун окуу шарты менен таанышып чыгышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан ажы Эргешов, АВЕП комдук фондунун өкүлдөрү менен биргеликте «Медресе жаштарын кесиптик шыктарга үйрөтүү» долбоорунун алкагында медресе мүдүрлөрү жана мугалимдери үчүн «Стади Тур» уюштурду.

Анын алкагында Бишкектеги «Кутайба Ибн Муслим» Ислам институтуна зыярат кылып, билим берүү жаатында тажрыйба алмашып, алардын кесиптик шыктарга окутуу боюнча бир канча алгылыктуу иштери менен таанышып өтүштү.

Мындан тышкары окуу жайдын шарты, китепканасы, окуу бөлмөлөрү жана тамак-аш өндүрүүдө алгылыктуу иштерди жасап жатканына күбө болушту.

Медреседе окуган  жаштарга кесип үйрөткөн социалдык долбоордун алкагында ушул учурда Кыргызстанда жалпысынан 34 медреседе кесип үйрөткөн окуу курстары ачылган. Азыр өлкө аймагында пневмония күчөп жаткандыктан улам окуу сабактары башталбай турат. Жагдай мурдагы калыбына келсе эле кайрадан окуу процесси уланат.