Лейлекте мектеп окуучуларына зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Кечээ, 15-октябрда Баткен Лейлек районундагы В.И Ленин атындагы орто мектебинде мектеп окуучуларына түшүндүрүү иш-чарасы болду.

Иш-чарага Лейлек районунун  баш имам хатибинин орун басары Абдумомунов Абдусаттар Гапарович катышып, Ислам дининин баалуулуктары жөнүндө экстремизм жана терроризимдин кооптуулугу жөнүндө баяндама жасап окуучулардын суроолоруна жооп берди.

 «Чыныгы мусулмандын тилинен  да колунан да башкалар зыяны тийбейт. Бир мусулмандын жаны, мал-мүлкү экинчи бир мусулманга арам  болуп  саналат»,-деди казыят кызматкери Абдусаттар Абдумомунов.

Муну менен катар бирөөнү  кордоо же шылдыңдоо жана мал-мүлкүн зордук менен тартып алуу же уурдоо арам жана чоң күнөө болоорун айтып, окуучуларды ыплас иштерден оолак болууга чакырды. Мындан тышкары ыплас көрүнүштөр, зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча маалыматтады айтышып, окуучуларды татыктуу билим алып, мамлекеттин келечегине салым кошууга чакырышты.