Жайыл районундагы мечиттер кышка даярдыктарын көрүп, бир катар оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун мечиттери кышка даярдыктарын көрүп, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө.
Бул иш-чара КМДБ жана облустук казыяттын буйруктарынын негизинде ишке ашып жатат.

Жайыл районунун хатибиятынан келген маалыматка ылайык, учурда Алексеевка айылындагы «Мадина» мечити, Жон-Арык айылындагы «Умар» мечити жана Калинин айылындагы «Ислам» мечиттеринин айланасы тосмолор менен тосулууда.

«Бул иш-чаралар жергиликтүү жааматтын колдоосу менен жүрүп жатат. Каражаттарын да, кол-кабыш кылып кызматын да жергиликтүү эл өздөрү колго алышууда. Бул да болсо элибиздин биримдиги мыкты экенинен кабар берет. Оңдоп-түзөө менен биргеликте кышка даярдык көрүү иштери да жүрүүдө. Каражатын мечиттеги жаамат өзүбүз эле колдон келишинче чогултуп жатабыз. Мындай кылып тосуп койбосок айыл жергеси болгондон кийин, мал кирип мечитин тегерегин булгап коет экен. Эми мечиттин айланасы тосулгандан кийин, алма, арча, гүл жана башка көчөттөр менен жашылдандыруу ишин пландап койдук», — деп билдиришти айыл имамдары.