Караколдо элибиздин амандыгын, тынчтыгын тилеп түлөө өткөрүлдү

Бүгүн жума күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы “Иброхим Ажы” атындагы мечитинде өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  Балбак Түлөбаев облустук казыяттын ишмердүүлүгү менен таанышып, эл менен жолукту.

Жума намазынан соң облустук казыят менен биргеликте элибиздин амандыгын, тынчтыгын, мамлекетибиздин жаркын келечегин Жараткан Алла Тааладан тилеп, дуба кылынып, курмандык чалынды. Эти атайын даярдалган ысык тамак менен кошо интернат үйлөрүнө таратылып берилди.

Ошондой эле 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» борбордук аянтында каза болгон 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулуна, дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун рухуна жана жалпы көзү өтүп кеткен ата-бабаларыбызга багышталып  Куран окулду.

 “Курмандык чалуу ибадат. Алла Таалам элибизде, жерибизде тынчтык берип, курмандыкты кабыл кылган болсун. Баардыгыбыз ынтымакта, биримдикте болуп, мамлекетибиздин эртеңки жаркын келечигине ар бирибиз салым кошолу”,- деди облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков.