Орусияда эмгектенген мекендештерибиз мамлекетибиздин тынчтыгы үчүн дуба кылышты

Орусияда эмгектенген мекендештерибиз мамлекетибиздин тынчтыгы үчүн  Жараткан Алла Таалага кайрылып дуба кылышты. Бул туурасында Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев билдирди.

Иш-чара алкагында Москва шаарында эмгектенген мекендештерибиз  мамлекетибиздин тынчтыгы, өнүгүп-өсүүсү, жаштарыбыздын ыймандуулугу жана эли-журтубуздун амандыгы үчүн дуба кылышты.

 «Мусулмандын куралы дуба. Андыктан ар бирибиз алакан жайып Жараткан Алла Таалага кайрылып, элибиз, жерибиз жана өлкөбүз үчүн дуба кылышыбыз милдеттүү»,-деди Сүйүмбек ажы Жусубалиев.