20-октябрдан тарата айымдар үчүн атайын онлайн сабак уюштурула баштайт

20-октябрдан тарата Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы айымдар үчүн атайын онлайн сабак уюштура баштайт. Сабак аптасына 2 жолу уюштурулуп, суроо-жооп ирээтинде өтмөкчү. Онлайн сабак алкагында «Аялзатынын Ислам дининдеги орду», «Аялзатынын илим алуусу», «Кыздын кырк чачы улуу», «Турмуш куруунун адептери», «Кызды тарбиялоо», «Бактылуу аял» темаларында баяндамалар жасалат.

«Учурдагы кырдаалга байланыштуу бардык окуу тармагы онлайн өтүп жатат. Андыктан Муфтият айымдар үчүн дагы окууну онлайн баштап, коомчулуктагы аялзатына болгон зордук-зомбулукту токтотууга жана  балдарды тарбиялоодогу энелердин ордун түшүндүрүп, Ислам дининде аялзаты үчүн эмнелер каралган болсо толугу менен дин аалымдары айтып беришет. Ошондой эле суроо-жооп кылып, аптасына 2 жолу өткөрүүнү чечтик»,-деди Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыеав.

Айымдар үчүн уюштурулуп жаткан онлайн сабак шейшемби жана бейшемби күндөрү күндүзгү саат 11:00дон 12:00гө чейин болмокчу.