КМДБнын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Москва шаарында эмгектенип жүргөн мекендештер менен жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Орусиядагы өкүлү Сүйүмбек ажы Жусубалиев Москва шаарында эмгектенип жүргөн мекендештер менен жолугушуп, ынтымакты бекемдөө, үй-бүлө баалуулуктары, зордук-зомбулукту токтотуу, балдардын тарбиясына көңүл буруу, терс диний агымдардан оолак болуу темаларында баяндама жасады.

Жолугушуу алкагында КМДБнын Орусиядагы өкүлү жарандарыбызды кайсыл гана мамлекетте болбосун ал өлкөнүн мыйзамдарын так сактоо керектигин айтып, адал жол менен эмгектенүүгө чакырды.

«Орусияда эмгектенген мекендештерибиз абдан көп болгондуктан аларга Ислам дининин асыл баалуулуктарын жеткирүүдө бардык аракеттерди көрүп жатабыз. Биздин максатыбыз бул жерде иштеп жүргөн атуулдарыбыздын үй-бүлөсүн бекемдеп, ар кандай зомбулуктарга жол бербөө болуп саналат. Азыр көптөгөн үй-бүлөлөр ажырашып, балдары запкы көрүп жатат. Андыктан биз ушул багыттагы ишибизди жандандыруубуз маанилүү»,-деди Сүйүмбек ажы Жусубалиев.

Муну менен катар КМДБнын Орусиядагы өкүлү жаштардын тарбиясына көңүл буруу керектигин баса белгилеп, кайсыл гана тармакта иштебесин инсан өз милдетин так аткарып, кыргыз элин уят кылбоосу зарыл экендигин түшүндүрдү.