Кадамжайдын «Кичи Айдаркен» мечитине ашар жолу менен заманбап даараткана курула баштады

Кадамжай районунун Бирлик айылындагы «Кичи Айдаркен»  мечитинде учурдун талабына жооп берген, ысык жана муздак суусу бар заманбап даараткана курула баштады. Даараткананы куруу мечит имамы Сапарали Камчыев тарабынан демилгеленип,  элдин колдоосу менен  курулуш иштери кызуу жүрүп жаткан учуру.

Ислам динибиз тазалыктын үстүнө курулган дин жана  Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) “Тазалык ыймандан” деген куттуу хадисине амал кылуу максатында заманбап даараткана кура баштадык. Албетте, курулуш иштери жергиликтүү эл тарабынан колдоого алынып жатат,-деди  мечит имамы.