Исфанадагы имамдар өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча иш алып барышат

Бүгүн, 6-агуста Исфана шаардык хатибиятында Кыргызстан Мусулмандарынын  Азрети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин   буйругун ишке ашыруунун алкагында өрт коопсуздугун алдын алуу  боюнча жыйын өттү. Жыйынга ӨКМдин Лейлек райондук бөлүмүнүн башчысынын орун басары Тешебаев Аллаберди Бахапович жана шаарга караштуу мечиттердин имамдары катышып, анда өрт коопсуздугун сактоо боюнча кенен маалыматтар айтылып, өрткө каршы шаймандарды мечиттерге орнотуу тапшырмасы имамдарга жүктөлдү.