Ош шаарында белгилүү дин аалымы Алауддин Мансурду эскерүү иш-чарасы болду

Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу “Шейит-дөбө” мечитинде белгилүү дин аалымы Алауддин Мансурдун каза болгондугуна байланыштуу Куран хатмы окулуп, дуба кылынды.

Иш-чарага Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, ДИМК ТАБ башчысы Исакбай Мурзабеков, Ош облусунун жана Ош шаардык казыятынын кызматкерлери жана Ош шаарынын жалпы имамдары катышты.

Эскерүү иш-чарасында дин аалымдары Алауддин Мансурдун басып өткөн өмүр жолу, Ислам дининин асыл баалуулуктарына кошкон баа жеткис эмгеги тууралуу айтып өтүштү.

Дин аалымы Алауддин Мансур Кыргызстандагы белгилүү аалымдардан. 1952-жылдын 1-майында Кыргыз Республикасынын Ош облусунун  Кара-Суу шаарында туулган. Өз доорунун  атактуу аалымдарынан илим алган. Курани Каримди өзбек тилине жана башка тилдерге которуп, көптөгөн шакирттерди таптап чыгарган. Анын сөөгү 2020-жылдын 14-октябрында Өзбекстандын Ташкент шаарында жерге берилди.