Кара-Көл шаарында ысырапкерчиликти алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Жалал-Абад облусуна караштуу Кара-Көл шаарынын баш имам хатиби Бектен ажы Керезбаев шаардык депутаттарынын жыйынына катышты. Жыйында ысырапкерчиликти  кыскартуу боюнча имамдын  иш аракети каралып, ыксыз чыгымдарга бөгөт коюу маселеси талкууланды.

Баш имам хатиб депутаттарга той-ашты жана маркумду акыркы сапарга узатууну  иретке  келтирүү боюнча токтом чыгарып берүүнү сунуштады.

Ысырапкерчилик менен көбүнчө диний кызматкерлер күрөшүп жатат. Жетекчиликтер дагы бизге жакындан жардам берип, биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, шаардык кеңештен чечим чыгарып беришсе абдан жакшы болоор эле. Элибиз түшүнүү менен кабыл алып келе жатат. Буюрса мурунку жылдарга караганда бир топ ыксыз чыгымдар жолго коюлуп калды”,-дейт Бектен ажы.