Баткен облусунун казысы 94 жаштагы аксакалдын абалын сурап, анын үйүнө зыярат кылды

Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов улгайган жарандарга кам көрүү максатында Баткен облусундагы Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылынын жашоочусу 1923-жылы туулган Гаффор Тупчиевдин абалын сурап, үйүнө зыярат кылды.

Зыярат иш-чарасына Кызыл-Бел айылынын имам хатиби Кудрет кары Кадыров катышып, аксакал өз башынан өткөн окуялар туурасында баяндап берди. Облус казысы казыяттын атынан 2000 сом акчалай жана азык түлүктөрдү тапшырып, аксакалдын батасын алды.

«Элибизде “Карысы бардын ырысы бар”, “Карынын кебин капка сал!” деген макал сөздөр жөн жеринен айтылып калбаса керек. Себеби, ак сакалдуу аталардын акылы туңгуюктан жол таап, келечекти көрө билүүсү менен жаш муундарды туура жолго тарбиялап келишкен. Ушул өндүү көп жашап, көптү көргөн 94 жашка чыккан карылар эл ичинде саналуу гана. Сизге Алла Таалам ден-соолук, амандык берсин»,- деди Пазыл ажы Султанмуратов.

Гаффор Тупчиевдин төрт уулу, төрт кызы бар. Учурда уулдары мамлекеттик кызматтарда эмгектенип келет.