Сузак районундагы “Айша” мечитинде кыштын камылгасы көрүлүүдө

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кашка-Терек айылында жайгашкан “Айша” мечитинин имамы Маматкарим ажы Нурбаевдин демилгеси менен аталган айылдын  жаштары кышка карата мечитти жылуулоо, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Тактап айтканда жергиликтүүлөр 160 000 сом акча каражатын чогултуп, мечитке жылуулук киргизишти.

Андан сырткары мечиттин короосунун ичине жаңы заманбап даараткана салуунуда.

Айылыбыздын жаштары ынтымакчылык менен мечитке келүүчү карыяларга жана жолоочуларга ыңгайлуу шарт түзүү максатында ушул иштерди жасап жатышат. Ар биринин жасаган соопторун Жаратканым эселеп берсин”,-деди мечит имамы.