Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев: Коомчулуктагы аялзатына, балдарга болгон зордук-зомбулукту токтотууда бардык аракетибизди көрөлү

Бүгүн, 19-октябрда Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев КМДБнын жалпы эмгек жамаатына апталык жыйынын өткөрүп, берилген тапшырмалардын аткарылуусу боюнча отчет алды.

Азирети Муфтий өзгөчө аялзаты үчүн уюштурулуп жаткан онлайн сабакка көңүл буруп, башталган иштин аягына чыгуу керектигин баса белгиледи.

«Эне бул коомдун агартуучусу. Эне тарбиянын башаты жана үйдүн куту эмеспи. Андыктан биз айымдар үчүн башталган окуу курсуна абдан маани беришибиз керек. Коомчулуктагы аялзатына, балдарга  болгон зордук-зомбулукту токтотууда бардык аракетибизди көрөлү»,-деди Азирети Муфтий.

Муну менен катар Азирети Муфтий darulifta.kg сайтынын алкагындагы иштер менен таанышып, сайт коомчулук үчүн жеткиликтүү маалымат менен камсыз болуусу керектигин баса белгиледи.

«www. darulifta.kg сайты дин аалымдары үчүн бирдиктүү аянтча болуусу керек. Чечилбеген маселе болбойт. Андыктан бардык дин аалымдары коомдо кандай гана көйгөй жаралбасын биргеликте иш алып барышып, бирдиктүү чечим чыгарууда абдан чоң мүмкүнчүлүк»,-деди Азирети Муфтий.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 30-июлунда Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин №4 токтомуна  ылайык 7 дубанда аялдардын окуу борборлору ачылган. Ал эми 2020-жылдын 20-январында Азирети Муфтийдин №24 буйругу менен калаадагы имам Сарахси атындагы башкы мечитте айымдар үчүн атайын окуу курсу башталып, пандемияга карата токтотулган. Кийин бул окуу курсу онлайн форматка өткөн.