Апта ичинде 1613 Куран хатым окулуп, Азирети Муфтий мамлекетибиздин тынчтыгы, элибиздин амандыгы жана өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн дуба кылды

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин демилгеси менен башталган Куран хатымдын апта ичиндеги саны 1613кө жетип, Азирети Муфтий мамлекетибиздин тынчтыгы, элибиздин амандыгы, ар кандай оорулардын келбөөсү жана өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн дуба кылды.

«Куран Алла Тааланын сөзү. Андыктан ар бирибиз дайыма өлкөбүз үчүн дуба кылып турушубуз зарыл. Мусулмандын куралы дуба болсо, Алла Таала дуба кылган пендесин жакшы көрөт. Апта ичинде имамдарыбыз, диний окуу жайдагы кызматкерлерибиз жана жарандарыбыздан  1613  Куран хатым келди. Алла Таалам бардык тилектерибизди кабыл кылсын»,-деди Азирети Муфтий.

Муну менен катар Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Куран хатым улантыла бере тургандыгын айтып, анын дубасы ар бир апта сайын кылынаарын билдирди.