Бакай-Ата районунда “Бөлүнүүгө себеп жок” деген темада тренинг өтүлдү

Талас облусунун Бакай Ата районуна караштуу Өзгөрүш   айылында  “Тынчтык куруучулар ” долбоорунун алкагында  жаштар арасында ынтымак, достукту бекемдөө жана уруучулдукка бөлүнүүдөн келип чыккан көйгөйлөрдүн алдын алуу  боюнча 3 күндүк трениг  өттү.   

Тренингге Талас облусунун казыятынын иш башкарманын жетекчиси Медер ажы Сагынбаев, «Талас облустук Жаштар Кеңеши» коомдук бирикмесинин жетекчиси Бектур Медетов жана Ак Дөбө айыл өкмөтүнөн 18 окуучу катышышты.   

Биринчи күнү көп тилдүүлүк боюнча сабак өтүлүп, жаштардын алдыдагы койгон максаты, ой  пикирлери туурасында  түшүндүрмөлөр  айтылды.  Экинчи күнү  критикалык ой жүгүртүү  боюнча сабак өтүлүп,  андан кийин Медер ажы Сагынбаевдин “Бөлүнүүгө себеп  жок” деген  темада  сабагы болду. Окуучулардын   ой жүгүртүүлөрүнө байланыштуу  суроолоруна  жооптор  берилди.

“Мындай тренингдин жаштар үчүн пайдасы чоң. Анткени учурда  жаштар арасында  түшүнбөстүктөр,  өз-өзүнчө бөлүнүүлөр көп болуп жатат.   Бул тренинг аз да болсо ошол  айрым адашып жүргөн жаштарыбызга  туура жолго түшөөрүнө өбөлгө болот деп ишенем”, – деди Медер ажы Сагынбаев.