Ош шаарындагы имамга «Hyundai sonata» үлгүсүндөгү авто унаа белекке берилди


Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаевдин демилгеси менен «Имам аль-Бухарий Алай» жана «Шейит-дөбө» мечитинин имамы Усманов Мухаммадаминге жергиликтүү демөөрчү тарабынан «Hyundai sonata» үлгүсүндөгү унаанын ачкычы тапшырылды. 

Убайдулла ажы Сарыбаев атын атагысы келбеген жергиликтүү демөөрчү унаа менен бирге анын документин иретке келтирүү үчүн кошумча 200 доллар өлчөмүндөгү акча каражатын тапшырганын билдирди.

 «Усманов Мухаммадамин Куранды толук жаттаган (Хафиз), 30 жылдан бери «Шейит-дөбө» мечитинде эмгектенип, көптөгөн шакирттерди чыгарып келүүдө. Дин кызматкерлеринин эмгегин баалап, колдон келген жардамын көрсөткөн берешен ага-инилерибизден Аллах Таала ыраазы болгон болсун»,— деди Убайдулла ажы Сарыбаев  

Эскерте кетсек, Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаевдин демилгеси менен бир ай мурун «Хувайда» мечитинин имамы Б. Абдуллажановго да автоунаа тапшырылган эле.