Бишкектеги «Бакай Ата» мечитинде кышка камылга көрүлүүдө

Бишкек шаарынын Свердлов районундагы «Бакай Ата» мечити кышка камылганы баштады. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрь күнү аталган мечиттин имам хатиби Файзулла ажы Мурзалиев билдирди.

Анын айтымында, мечит жергиликтүү жамааттын аракети менен 21 000 сом акча каражаты топтолуп, 5 тонна көмүр сатып алышкан.  

«Азирети Муфтийибиз Максатбек ажынын жана Бишкек шаарынын казысы Замир карынын тапшырмасы менен кышкы даярдыктарды көрүү боюнча жамаатыбызга кайрылганбыз. Демилгелүү мусулман бир туугандардын жардамы менен мына мынтип эң негизги нерсе болгон «кара алтынды» түшүрүп алдык. Мындай ишке себепчи болгон бардык жамаатка ыраазычылык билдирип кетем»,- деди Файзулла ажы. 

Эскерте кетсек, буга чейин Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев бардык мечиттерди кыш мезгилине карата даярдыктарды баштоо тапшырмасын берген эле.