Ноокен районунун айыл аймак имамдарына жыйын болду

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун баш имам хатиби Ашим ажы Абидинов айыл аймак имамдарына ар бир айда өтүүчү отчёттук жыйынын өткөрдү.

Жыйында аталган райондун аймагында жайгашкан 82 мечиттин кышка карата камылгасын көрүү, тазалыгын, өрт коопсуздугун кароо маселелерине токтолду.

Андан сырткары таажы ылаңы кайрадан күч алганына байланыштуу бардык мечиттерде санитардык сактык эрежелерди жана өздүк гигиенаны  сактоого чакырды. Ошону менен бирге имамдар бир айлык отчётторун жазышты.

Бүгүнкү күндө районубуздагы мечиттердин 30%ы кышка карата даяр. Буюрса бир ай ичинде толук даяр болобуз деген үмүттөбүз. Имамдарыбыз ушунун үстүндө иш алып барып жатышат. Санитардык сактык эрежелерди сактоо боюнча дагы тапшырмаларды бердик”,-деди баш имам хатиб.