Базар-Коргондун баш имам хатиби “Ислам Нуру” мечитинде Куран жаттап жаткан энелер жолугушту

Аймактарды өнүктүрүү жылына карата  Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз кары Закировдун  тапшырмасын ишке ашыруу максатында  Базар-Коргон районунун баш имам хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиковдун  иш мерчеминин негизинде Кеңеш айыл аймагына караштуу Арпачи айылындагы “Ислам Нуру” мечитинде Куран жаттап жаткан энелер жана келиндер менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун алкагында райхатиб Тынчтыкбек ажы  Шаиков жана «Ислам Нуру» мечитинин имамы Хуснидин Икрамов энелерге руханий тазаланууда жана жаштарды тарбиялоодо, экстремизм, терроризмдин алдын алууда, жемкорлук менен күрөшүүдө, ысырапкорчулукту жоюда, үй-бүлөнү сактоодо, Ханафий мазхабын, Маатрудий акыйдасын жайылтууда салым кошууга чакырып, жаш келиндерге тазалык тууралуу баяндама жасашып, тиешелүү насааттарды айтып беришти.

Мындан тышкары райхатиб Кыргызстанда дин эркиндиги, мамлекетибиздин Ислам динине болгон көз карашы жакшы экендигин баса белгилеп, бул Алла Тааланын чоң белеги экендигин айтып, аны туура пайдалануу керектигин белгиледи.