Жети-Өгүз райондук ооруканасынын жыйындар залында “Эне сүтү мыкты өмүр башаты” аталышындагы тегерек стол өттү

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби Каныбек ажы Кожогуловдун  жеке демилгеси менен  аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында эненин ролу, эненин ыйыктыгы жана улуулугу, Ислам дининдеги эненин орду темасында тегерек стол уюштурулду.

Тегерек столго оорукананын башкы дарыгери Канат Садырбаев, дарыгерлер жана аялдар коому катышып, анын алкагында Ислам дининдеги ден соолуктун орду жана медицинадагы эненин сүтү балага табылгыс азык экендигин айтышып, эненин коомдогу орду боюнча лекциялар окулду.

Энелер жашоо башаты экендигин эч ким тана албайт. Алардын мээрими, камкордугу бүткүл ааламды тынчтыкта терметкен улуу күч. Биз энелердин эмгегин татыктуу актай албасак дагы аны билүүгө милдеттүүбүз,- дейт Каныбек ажы Кожогулов.

Ал эми тегерек столдун уюштуруучулары  бейиш эненин таманынын алдында болсо  анда биз бейишибизди таптык жана энелерди урматтап, сыйлайлы деген пикирлерин ачык айтышты.