Баткен районундук администрациясынын жыйындар залында терс диний агымдардын алдын алуу боюнча жыйын өттү

Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында 2014-2020-жылдардагы диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашырууда  жана  экстремизм,  терроризмдин алдын алуу, Ханафий мазхабын,  Матурудий акыйдасы жайылтуу темасына арналган  жыйын болуп өттү. Иш чара Баткен районунун баш имам хатибинин демилгеси менен уюштурулуп,  ага Баткен райондук ички иштер башкармалыгынын экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү  кызматынын жетекчиси, милицияны капитаны Жолдубай Маманурович, ДИМКтин Баткен облусундагы өкүлү  Ырысмамат Матиев, Баткен шаардык жана райондук Өзгөчө кырдаалды жөнгө салуу бөлүмүнүн убактылуу милдетин аткаруучусу капитан Адылбек Гыязов, Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси  Сабырбек Маликович, Баткен районунун   баш имам хатиби Муса ажы  Жолдошов жана айыл өкмөттүн  орун басарлары, имамдар катышты

Жыйында  негизинен Кыргызстан Мусулмандарынын  Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин буйругуна ылайык  өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча түшүндүрү иштери жүргүзүлүп, терс диний агымдар менен күрөшүүдө биргеликте иш алып баруу маселеси каралды.