Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев жоокерлерге «Мекенди сүйүү — Ыймандан» деген темада өз баяндамасын жасады

Бүгүн, 27-октябрда Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев калаадагы №703 аскер бөлүгүнө жаңы келген жоокерлер үчүн «Мекенди сүйүү- Ыймандан» деген темада өз баяндамасын жасады. 

Иш-чара Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан уюштурулуп, анда Убайдулла ажы жоокерлерге дем-күч берүү менен бирге аскердик кызматтан жоопкерчилиги тууралуу айтып берди. 

«Аскердик кызмат тартиптүүлүктүн үлгүсүн көрсөтүү менен бирге мекенге кызмат ак кылып, элдин батасына татыктуу болууга үйрөтөт. Элибиздин, жерибиздин тынчтыгына себеп болуу чоң сооптуу амалдардан. Ата-энеңердин башын жер каратпай, аскердик кызматты татыктуу өтөөңүздөргө тилектешмин»,- деди Убайдулла ажы.

 Иш-чаранын алкагында «Ата-энени сыйлоо», «Арамдан сактануу» жана «Ислам — бул адеп-ахлактын дини» деген темада жоокерлерге баяндамасын жасады.