Сауд Араб Падышалыгы «Коопсуз умра» механизмин иштеп чыкты

Сауд Араб Падышалыгынын Ажылык жана Умра министрлиги умра ибадатын уюштурууда адамдардын коопсуздугуна, ден соолугуна кепилдик берген жол менен «Коопсуз умра» жана кызмат көрсөтүүнү көзөмөлдөө механизмин жарыялады. Бул туурасында “Эр-Рияд – Мубашер” маалымат агенттиги билдирди.

Ага ылайык министрлик зыяратчылардын сапары учурунда коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн тийиштүү тараптар менен макулдашып иштеп жаткандыгын жана  ден соолук протоколдорун колдонууну эске алуу менен бекитилген планга ылайык учактагы отургучтардын керектүү көлөмүн камсыз кылуу максатында улуттук авиакомпания менен макулдашылгандыгын ырастады.

Сактык чаралары жөнүндө жарыялоо 2020-жылдын март айында коронавирус эпидемиясы башталгандан бери биринчи жолу чет өлкөдөн умра сапарына келгендерди кабыл алуу ноябрь айынын башында баштала тургандыгын пландаштырылган. Учурда мурунку абалга кайтуу графигинин үчүнчү этабын баштоого даярдык көрүлүүдө.

“Умра компаниялары жана чет өлкөлүк лицензия алган туристтик агенттиктер тарабынан чет өлкөдөгү зыяратчыларга кызмат көрсөтүү регламенти 4 талаптан турган умра ибадатын аткарууга мүмкүнчүлүк алуу эрежелерин камтыйт. Ошондой эле САПтын саламаттык сактоо министрлигинин талаптарына ылайык чет өлкөдөн умрага келүүчү жарандардын жаш курагы 18 жаштан 50 жашка чейин чектелди. Коронавирус илдетинен таза экендигин далилдеген сертификатты өз өлкөсүндө ишенимдүү деп таанылган лабораториядан (ПЦР тест) умрага баруудан 72 саат алдың алуусу талап кылынат”,-деп айтылат САПтын Ажылык жана Умра министрлиги тараткан маалыматта.  

Умра ибадатын аткаруу, ыйык Харам мечитинде намаз окуу, Пайгамбарыбыздын (САВ) мечитин зыярат кылуу жана Рауза Шарифте  намаз окуу убактысы алдын ала мобилдик тиркеме аркылуу брондолот. Брондоо учурунда барып келүү авиабилети талап кылынат.

Сауд Араб Падышалыгы  уруксат берген жана уруксат берилбеген  өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады

Сауд Араб Падышалыгы үчүнчү этап менен 1-ноябрдан баштап сырттан келүүчүлөрдү умрага кабыл алууну баштап, 108 өлкөгө уруксат берди. Алардын катарында Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Түркия, Азербайжан жана Белоруссия өлкөлөрү бар.

Азырынча убактылуу уруксат берилбей турган мамлекеттердин саны 20. Алардын катарында Иран, Египет, Катар, Италия жана Кыргызстан бар.  

Ал эми уруксат берилбей турган мамлекеттердин саны 56.  Алардын катарында Кувейт, Орусия, Украина, Улуу Британия жана Америка Кошмо Штаттары бар.

Эске салсак, 23-сентябрда Сауд Араб Падышачылыгы 3 этап менен коронавирус илдети азайган өлкөлөргө умра ибадатын аткарууга уруксаат бериле тургандыгын жарыялап, ал үчүн атайын график иштелип чыгаарын маалымдашкан.