Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев элди ынтымакка чакырды

Кечээ, 28-октябрда Талас облусунун Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев 9 улуттун өкүлү жашаган Үч — Коргон айылынын эли менен жолугушту.

Жолугушууда элди улуттар аралык ынтымакка, биримдикке жана мекенди сүйүүгө чакырды.  

“Ынтымак болсо жерибизде биримдик болот. Пайгамбарыбыз (С.А.В) өз хадисинде: “Момун мусулман – бардык адамдар менен оңой тил табышып кете турган жана башкаларды түшүнө алган кыраакы инсан болуусу керек”,- деп айткан. Андыктан бул хадиске амал кылалы”,-  деди Миржалал ажы Дадабаев.