Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев мечиттерде санитардык эрежелерди катуу көзөмөлгө алуу боюнча тапшырмаларды берди

Кечээ, 27-октябрда Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев Талас районунда жайгашкан Кырк – Казык айылында имамдардын ишмердүүлүгүн жеринен таанышуу максатында көчмө жыйын өткөрдү.

Жыйынга казынын орун басары Касым ажы Сыдыков, казыяттын үгүт насаат жана окуу бөлүмүнүн адиси Өмүрзак Абдысамат уулу, Талас районун баш имам хатиби Жолдошбек уулу Канат жана айыл имамдары катышты.

Имамдар менен жолугушууда облус казысы мечиттердин кышка даярдыгы, пандемияга карата санитардык эрежелерди катуу көзөмөлгө алуу боюнча тапшырмаларды берди. Андан соң Куран, хадис, фикх жана тажвид боюнча окуу сабагын жүргүздү.