Аксыдагы имамдар өздөрүнүн жылдык пландарында каралган иштери жыл аягына чейин аткарууну максат кылышууда

Аксы районунун Кашка-Суу айыл округуна  караштуу Кашка-Суу айылындагы “Береке” атындагы борбордук мечитинде имамдардын кезектеги жыйыны болуп, ага Аксы районунун баш имам хатиби Мырзабек ажы Абдыкалыков, хатибият кызматкерлери, аталган районго караштуу бардык айыл өкмөттүн баш имамдары жана Кашка-Суу айыл округуна караштуу жалпы имамдар катышты. Жыйындын жүрүшүндө райхатиб район ичинде дин жаатына тиешелүү маселерге токтолуп, Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев тарабынан   аймактарды өнүктүрүү жылына карата кабыл алынган иш планындагы тапшырмаларды өз убагында аткаруу керектиги баса белгиленип, жер-жерлерде түшүндүрүү иш чараларын өткөрүү жагы имамдарга милдеттендирилди. Муну менен катар  райхатиб имамдарды жоопкерчиликтүү болууга чакыруу менен  өрт коопсуздугунун алдын алуу боюнча сабактар, машыгуулар өткөрүлүп, мечиттерде ыктыярдуу кошуундарды түзүү жагы кошумча имамдарга тапшырма катары берилди. Ал эми жыйындын соңунда  имамдар район ичинде дин жаатын жакшыртуу боюнча өздөрүнүн сунуш-пикирлерин айтышып, бир топ суроолорго жооп алышты.