Курман айт майрамы 21-августта белгиленет

2018-жылдагы Курман айт майрамы 21-августта белгиленет. Бүгүн, 12-август  Зул Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан Кыргызстандыктар улуу Курман айт майрамын 21-августта белгилешет.   Ал эми 20-август арапа күнү болуп, ажылык милдеттерин өтөп жүрүшкөн мекендештерибиз  бул күнү  ыйык Мекке шаарындагы Арафат өрөөндө  болушмакчы.

Куттуу  Курман айт майрамын  Алла Таалам  бизге жана жалпы адамзат үчүн  куттуу, берекелүү кылып, Жаратканыбыз  ушул  улуу күндөрдө көптөгөн ибадаттарды кылууну  насип кылып, жасаган ар бир жакшылыктарыбызды  кабыл кылсын. Өлкөбүзгө  тынчтык, ынтымак менен бактылуулукту жана  бейпил  жашоону насип кылсын.

Курбан айт жана курбанчылык кылуунун өкүмү