Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу боюнча штаб жетекчиси Сауд Арабяын ажылык министрлигинин №25 мекемесинин жетекчиси менен жолугушту

Ажылыкты уюштуруу боюнча  республикалык штабдын жетекчиси Жоробай ажы Шергазыев жана штаб мүчөлөрү Сауд Арабиянын ажылык министрлигинин Кыргызстандык ажыларды тейлөөчү №25 мекемесинин жетекчиси Хаттаб Мухаммад Али менен жолугушуп, ажылыкты жогорку деңгээлде  уюштуруу,  Мина, Арафат, Муздалифа өрөөндөрүндө  Кыргызстандык ажылар үчүн шарттарды  жакшыртуу боюнча пикир алышты.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө САПтын ажылык министрлигинин өкүлү Хаттаб Мухаммад Али учурда Мина, Арафат, Муздалифа өрөөндөрүнө коюлган техникалык жабдуулар толугу менен текшерүүдөн өтүп, Арафат өрөөнүнө  муз  жана суулар жетиштүү деңгээлде  коюла тургандыгын билдирди. Ал эми Ажылыкты уюштуруу боюнча  республикалык штабдын жетекчиси Жоробай ажы Шергазыев Кыргызстандык ажыларды тейлөөчү №25 мекемесинин жетекчисине ыраазычылыгын билдирип, штаб өкүлдөрү быйылкы жылдагы ажылыкты жогорку деңгээлде өткөрүүгө бел байлап, бардык аракеттерди көрүп жаткандыгын билдирди.