Азирети Муфтий жол кырсыгынын алдын алуу боюнча апталык иш-чара өткөрүү тапшырмасын берди

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жол кырсыгынын көбөйүп жаткандыгына байланыштуу «Адам жаны аманат» аталышында атайын апталык иш-чара өткөрөт. Бул туурасында Азирети Муфтий бүгүн, 25-ноябрда КМДБнын эмгек жамаатына өткөргөн жыйында билдирди.

Азирети Муфтий  учурда жол кырсыгынан адамдардын жаны көп кыйылып жаткандыгын баса белигеп, бул жаатта КМДБнын түзүмүндөгү жалпы дин кызматкерлери айдоочулар арасында атайын түшүндүрүү иш-чараларын апта ичинде талыкпастан жүргүзүп, адамдын жаны аманат экендигин эскертүү керектигин баса белгиледи.

«Кайсыл гана маалымат булагын же социалдык тармактарды барактабайлы үрөй учурган жол кырсыктарын көрүүгө болот. Бул адамдын зээнин кейитет. Өлкөдөгү бардык дин кызматкерлери айдоочулар менен атайын жолугушууларды өткөрүп, аларга адамдын өмүрү кымбат экендигин, өзгөчө такси кызматын аркалагандарга түшүндүрүү иштерин байма бай жүргүзүп турууну чечтик. Азыр Муфтият апталык иш план кылып бекитип, бирок бул жаатта дайыма иш алып барууну максат кылуудабыз»,-деди Азирети Муфтий.

Муну менен катар Азирети Муфтий жума баяндарында жол эрежесин сактоо, адам өмүрүнүн баалуулугу, айдоочунун шарияттагы орду боюнча атайын баяндамаларды жасоо керектигин баса белгилеп, бул жаатта атайын хутба даярдоо тапшырмасы берилди.